Главный » Киргизские новинки » John Roomy - Кыргыз жери
John Roomy - Кыргыз жери

Кыргыз жери
John Roomy

Качество192 Размер3,87 MB Длительность2:49
  • Просмотров: 114 раз(а)
  • Дата премьеры: 14-07-2020, 07:48
  • Категория: Киргизские новинки
Скачать песню John Roomy - Кыргыз жери в mp3 или слушать онлайн бесплатно
Техт песню John Roomy - Кыргыз жери
Ала-Тоо ак калпагын кийген кезде,
Аскасы көк асманга тийген кезде.
Мен дагы жолго чыгам таңды тосо,
Кучактайм ой-кырларын нурга кошо.
Улуусуң, кыргыз жери, нурдан бүткөн,
Сулуусуң, кыргыз жери, ырдан бүткөн.

Ысык-Көл жердин көркү, кырлар кашы,
Адырлар көкүрөгү, токой чачы.
Дайралар кан тамыры, чоку таажы,
Седеби, топчулары, ар бир ташы.
Кең жүздүү, гүл денелүү кыргыз жери,
Күн жүздүү, берекелүү кыргыз жери.

Жылдыздар көк бетинен өчкөн кезде,
Жарык нур жер жамалын өпкөн кезде.
Көл чалкып, тоолор койнун ачкан кезде,
Дил жаркып, таң күлкүсүн чачкан кезде.
Көркүңө көрк кошулат, кыргыз жери,
Сезилет ата-энелик мээримдери.